
Өлкөдө 10-апрелден 11-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 11 миң 47 бала кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында жазылат.
Кабарга ылайык, бала бакчага жана мектептерге кабыл алуу
маалыматтык система аркылуу жүргүзүлдү.
11 миң 47 баланын ичинен:
- 119 бала – жеңилдик менен,
- 10 миң 928 бала – жеңилдиксиз кабыл алынган.
Аймактар боюнча бөлүнүшү:
- Бишкек шаарына 2 миң 580 бала;
- Жалал-Абад облусунан – 1 миң 748 бала;
- Чүй облусунан – 1 миң 653 бала;
- Ош облусунан – 1 миң 529 бала;
- Ысык-Көл облусунан – 1 миң 316 бала;
- Баткен облусунан – 1 миң 287 бала;
- Талас облусунан – 406 бала;
- Нарын облусунан – 367 бала;
- Ош шаарынан – 161 бала кабыл алынды.
Эскерте кетсек, 10-апрелде балдарды 1-класска электрондук каттоо башталган
болчу. 2023-2024-окуу жылына карата өлкө боюнча 1-класска 186 миң 201 квота каралган.