Бүгүн, 10-апрелде балдарды 1-класска электрондук каттоо башталды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева маалымат жыйында билдирди.
Маалым болгондой, "Мектепке электрондук кабыл алуу mektep.edu.gov.kg сайтында жүргүзүлөт.
"Электрондук каттоо 2 этап менен жүрөт. Биринчи этабы бүгүн башталып, 26-июнга чейин өткөрүлөт. Анда балдардын каттоодо турган жери боюнча жүргүзүлөт. Ал эми 2-этабы 26-июндан 31-августка чейин жашаган жерине карабастан өткөрүлөт", - деди Ашымбаева.
2023-2024-окуу жылына карата өлкө боюнча 1-класска 186 миң 201 квота каралганы кабарланды.