Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурган саясатчы Клара Сооронкулова үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди бүгүн, 12-апрелде Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Сооронкулова 2022-жылдын октябрь айында Кемпир-Абад иши боюнча кармалган.
Белгилей кетсек, 23-октябрда милиция бир катар саясатчы, жарандык активисттерди кармап кеткен. Аларга Кылмыш-жаза кодексиндеги “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси (36, 278) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп келүүдө.