Кадамжай районундагы Майдан айылынын тургундарынын өмүрүнө кооптуу жагдайлар бар

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Майдан айылында жашагандардын өмүрүнө кооптуу жагдайлар бар. Бул тууралуу 10-декабрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана кен иштетүү боюнча комитетинин жыйынында айылдык кеңештин өкүлү Мурза Курмушиев билдирди. 

Анын айтымында, кен казуу долбоорунда көрсөтүлгөн 41 гектар жер айылдын аймагына карайт. Аталган айылда 8 184 адам жашайт. 

“Эртең "Z-Explorer" компаниясы ишин баштаса, жергиликтүү тургундар кайда барышат? Кенди издөө иштери жүрүп жатканда эле үйлөрүбүздө жаракалар пайда болгон. Мындан сырткары кен иштетүүдөгү цианид айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизет”,- деди Курмушиев.

Комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев жергиликтүү тургундар бул маселени талкуулай албашын түшүндүрүп берди. “Биз Майдан айылынын чек араларын тактоо үчүн Мамгеология агенттигине тапшырма бердик",- деди Рыспаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан