Кыргызстанда 2013-жылы январь-сентябрь айларында 1460 наристе каза тапкан.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, өлүмдөрдүн басымдуу бөлүгү перинаталдык кезге туш келет. 1 жашка чейинкилердин өлүмү 65 пайызды түзгөн.
Тубаса кемтиктен 348 (16 пайыз) жана дем алуу органдарынын оорусунан улам 268 (12 пайыз) наристе каза болгон. Ал эми сырткы таасирлерден улам 41 бала көз жумган.