Ош мамлекеттик университетинде манас таануу сабагы боюнча акыл таймаш өтөт

Ош мамлекеттик университетинде манас таануу сабагы боюнча акыл таймаш (брейн-ринг) өтөт. Аталган иш-чара студенттердин билим алууга кызыгуусун арттыруу, билимдүү студенттерге коомчулуктун көңүлүн буруу, окуу жайда билимди жана билимдүүлүктү даңазалоо максатында уюштурулууда. Брейн-ринг интеллектуалдык таймашы 13-декабрда манас таануу сабагын окуган факультеттердин, коллежддердин студенттеринин арасында болот. 

Таймашка активдүү катышкан студенттерге алдыдагы сессияда манас таануу предметинен артыкчылыктар берилип, жеңүүчүлөргө баалуу китептер, дипломдор тапшырылмакчы. Бул тууралуу окуу жайдын тарбия департаментинин директору Замир Бөжөнов билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан