10-декабрда президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Соттук реформа боюнча Кеңештин кезектеги отуруму өттү. Отурумда Кеңеш мүчөлөрүнүн бардык сунуштары жана пикирлери эске алынган чечимдер кабыл алынды.
Кеңеш мүчөлөрү эксперттик топ тарабынан иштелип чыккан, судьялардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзамдардын долбоорлорун колдоого алышты. Тактап айтканда, Кеңеш мүчөлөрү эксперттик топтун КРнын Судьялар кеңешинин алдындагы тартип комиссиясын калыптандыруу тууралуу сунушуна макул болушту. Комиссиянын курамы 9 адамдан турат, алар судьялар корпусунун, жарандык коомдун, президенттин жана Жогорку Кеңештин талапкерлери болот.
Облустук прокурорлорго, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлоруна судьяларга кылмыш ишин козгоо укугун берүү тууралуу пикирлер айтылды. Жыйынтыгында компромисстик чечимдин варианты иштелип чыкты. Эми кийинкиге калтырууга болбой турган шарттарда гана башкы прокурор облустук прокурорлорго, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлоруна судьяларга карата кылмыш ишин козгоо укугун ыйгара алат.
Алмазбек Атамбаев жүргүзүлүп жаткан сот системин реформалоонун маанисин баса белгиледи. “Кыргызстан көз карандысыз, адилет сот системи жок өнүгө албайт. Биринчи кезекте өлкөнүн жарандары сот системиндеги реформалардын жыйынтыктарын сезүүгө тийиш”,- деп билдирди мамлекет башчы.