Бишкектеги эки мектеп жана бир университетте бомба коюлганы айтылды. Адамдар эвакуацияланды

Бишкекте 3 билим берүү мекемесинде бомба бар деген билдирүүдөн улам окуучулар жана студенттер эвакуцияланды. Андагы видеолор социалдык тармактарга тарап жатат.

Күбөлөр эртең менен кимдир бирөө жардыруучу зат коюлган деп айтканын милиция кызматкерлери чакырылганын айтышты.

Учурда борбор калаадагы №33 жана №67 мектепте жана КРСУнун юридикалык факультетинин имаратында жардыргыч зат изделип жатат. Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барып жатканы кабарланды.

Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы окуя боюнча комментарий бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2023-04-18 12:38:00
Ушундайларды УКМК караш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан