Акыйкатчы Бакыт Аманбаев 7-9-декабрда Ош облусунда иш сапары менен болду. Ош шаарындагы акыйкатчынын
басма сөз кызматынын 11-декабрда берген маалыматына ылайык, Бакыт Аманбаев
аталган мекеменин Оштогу өкүлчүлүгүнүн 10 ай ичинде аткарган жумушу тууралуу отчётун
угуп, аймактагы укук коргоо боюнча иштер күчөтүлүшү керек экенин баса
белгилеген.
Мындан сырткары шаарда Келдибеков менен Мырзакматовду колдоп чыккан
митингчилер менен жолугушуп, алардын талаптарын укту. Ошондой эле 2-декабрда нааразычылык акциясында
жабыр тарткан милиция кызматкерлери менен жолугуп, тынчтык митинги учурунда
калкка кандай мамиле кылуу керектиги тууралуу сүйлөштү. 9-декабрда Ош мамлекеттик
университетинин студенттери жана мугалимдери менен жолугушту.