"Санарип инсандын" электрондук коммерция боюнча окутуулары жыйынтыкталды (фото)

"Санарип Инсан" долбоору Кыргызстандын калкы эң жыш жайгашкан аймактарында электрондук коммерция боюнча окутууларын жайынтыктады. Бул туурасында "Кыргыз интернет коому" (ISOC) коомдук бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окутууга жалпы 250 кыз-келин, жаштар, ишкерлер катышты жана өздөрүнүн билимин жогорулатып, электрондук коммерциянын артыкчылыгын, катталуу ыкмасын, өзүнүн продукциясын алдыга жылдырууну үйрөнө алышты. Тренингдин аягында сертификаттар менен сыйланышты.

"Тренингдин алкагында катышуучулар товар же сунуштала турган кызматтарды фото, видео жана тексттин жардамы менен бүгүнкү күндөгү базар талабына ылайык презентациялоо, жарнама, пост, макала, техникалык мүнөздөмөлөр үчүн тексттерди жазуу жана копирайтинг сырларын ачуу сыяктуу көндүмдөргө ээ болушту.

Ошондой эле мобилография боюнча практика жүзүндө видео аркылуу жарыялоону, видеого тартууну, монтаждоо сырларын жана ага тиешелүү тиркемелер аркылуу электрондук аянтчаларга жайгаштырууну өздөштүрүштү", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында өлкөнүн айыл аймактарындагы жаштар жана кыз-келиндерге санариптик көндүмдөрдү жогорулатууга багытталган окутуулар башталган. Ошондой эле электрондук коммерция боюнча тренингдер Кыргызстандын калкы жыш жайгашкан 12 аймагында өтүп жаткандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан