УКМК дагы бир тергөөчүнү кармады (фото)

Сокулук РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, ал 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Кармалган Д.К.Д. аттуу тергөөчү М.Д.О. аттуу жарандан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн 5 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталган.

Бул факты боюнча УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Опузалап пара алуу») менен кылмыш иши козголду. Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин УКМК Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалгандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан