Ноокатта тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды (фото)

Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Ноокат РИИБдин А.у.Т. аттуу тергөөчүсү 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Кармалган кызматкер кылмыш жазасы менен коркутуп, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарын токтотуп берүү үчүн арыз ээсинен 100 миң сом талап кылгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү («Опузалап пара алуу») менен кылмыш иши козголду.

"Кармалган кызматкер козголгон иштин алкагында соттун чечими менен 12-июнга чейин камакка алынып, Ош шаарынын №5 тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2023-04-18 13:08:00
Ошто мындай пара алгандар толтура
0
dasta
2023-04-18 17:58:00
Блин бул подстава просто, бул менин досум пара ала турган бала эмес, ак элим жерим деген бала болчу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан