Биринчи Май райондук соту журналист Семетей Талас уулуна чечим чыгарды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналист Семетей Талас уулуна чечим чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде райондук соттон билдиришти.

Чечимге ылайык, Семетей Талас уулу 3 жылга эркинен ажыратылып, ошол эле учурда 1 жылдык пробациялык көзөмөл дайындалды.

Эске салсак, журналист 1-ноябрда ИИМге суракка чакырылган. Ага "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси менен айып коюлган.

Жарандык активист сот башталардын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кармалган себебин айткан. Ал 2021-жылы Фейсбук баракчасы аркылуу Ооганстан тууралуу материалды бөлүшкөнүн билдирген. Журналист 11-мартта үй камагына чыккан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан