Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Семетей Талас уулунун бөгөт чарасын карап жатат. Ага карата баш коргоо чарасы аныкталары күтүлүүдө.
Сот башталардын алдында Семетей Талас уулу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кармалган себебин айтты.
Тагыраагы, журналист 2021-жылы Фейсбук баракчасы аркылуу Ооганстан тууралуу материалды бөлүшкөн.
"Былтыр фейсбукта Ооганстан боюнча бир материал бөлүшкөм. Ал СССРдин, Американын аскерлеринин бул өлкөгө келиши боюнча тарыхый бир материал болчу. Аны бөлүшкөндөн кийин бирөө "хизбуттардын" сайты, билбейсиңби деди. Билбейм дедим. Чын эле ошондой болсо анда өчүрөйүн деп 20 мүнөттөн кийин өчүрдүм. Бирок ал базага түшүп калып, кармап тура беришкен. Февралда үйдөн дагы китептерди алып кеткен, ал муфтияттын уруксаты менен чыккан китептер. Андан эч нерсе чыккан жок, үйдөн дагы эч нерсе чыккан эмес. Өзүм салттуу исламды карманган, катардагы эле мусулманмын. Мен ал материалды байкабастан бөлүшүп алгам, атайын эмес", - деди Семетей Талас уулу.
Эске салсак, журналист 1-ноябрда ИИМге суракка чакырылган. Ага "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси менен айып коюлган.