Эртең, 12-декабрда облус аймагындагы айрым райондордун айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Ошэлектр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.
Электр жарыгын өчүрүү эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 17:00гө чейин улантылат. Алар Кара-Кулжа, Ноокат, Кара-Суу районунун айрым айылдарында, мындан сырткары Ош шаарынын Масалиев, Гагарин, Жалал-Абад, Голубева, Ленин, Лесхоз, Курманжан датка, Мичурин, Лев Толстой, Алиев, Молдониязов, Фрунзе көчөлөрүнө аталган ишкананын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу электр жарыгы берилбейт.