Асылбек Жээнбеков депутат Жылдыз Жолдошовага: “Этиканы сактап сүйлөөнү үйрөнмөйүңүзчө, сизге микрофон бербейм”

Жогорку Кеңештин 11-декабрдагы жыйыны башталды. Адегенде эле төрага Асылбек Жээнбеков менен депутат Жылдыз Жолдошованын ортосунда пикир келишпестик жаралды. Жолдошова Апрель, Июнь окуялары боюнча маселени кароону күн тартибине киргизүүнү суранып, сөзүндө айрым “ата мекенчи” депутаттардын фамилиясын атады.  

Төрага “бирөөнүн фамилиясын атабай сүйлөөнү үйрөнмөйүңүзчө, сизге микрофон бербейм” деп анын микрофонун өчүрдү. Андан кийин кайра сөз берилип, Жолдошова этика боюнча нааразычылыгы бар депутаттардын фамилияларын атабай, “кесиптештерим” деп сөзүн улантты. 

Жолдошова аталган маселелерди күн тартибине киргизүү боюнча маселени добушка коюуну сунуштоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан