Бишкекте дагы бир канча мектепте бомба бар деген маалымат түштү

Бишкекте "бомба бар" деген маалымат бир канча мектепке келип түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кабатыр болуп жаткан ата-энелер кабарлашты.

Анда "Сейтек", International School of Bishkek жана № 33, 17, 51, 52, 62, 63, 67 мектептерге маалымат келип түшкөн.

Учурда №67 мектептин окуучулары эвакуацияланышууда.

Буга чейин, Бишкек шаарындагы мектеп жана университеттерде "Бомба бар" деген маалымат чет өлкөлөрдөн түшүп жатканын УКМКнын төрагасынын орун басары Айбек Шаменов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан