Жогорку Кеңештин 11-декабрдагы жыйынын төрага Асылбек Жээнбеков депутат Карганбек Самаковдун ири эмгегин белгилөө менен баштады. “Манас” үчилтигин ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргызстандын атынан каттатуу үчүн кесиптешибиз Карганбек Самаков чоң эмгек жасады. Бул окуя кыргыз эли үчүн өтө маанилүү окуя” деген төрага ага бекем ден соолук, ийгилик каалады. Самаковго ыраазычылык билдирген депутаттар кол чаап куттукташты.
Кыргыз парламентинин 75 жылдыгы белгиленип жатканда жок болгону үчүн Самаковду депутаттар бул майрам үчүн да куттукташты.
Эскерте кетсек, “Манас” үчилтиги 4-декабрда ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргызстандын атынан катталды.