Бир катар президенттер Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Ага ылайык, Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзийоев кыргыз элине тынчтык, прогресс жана гүлдөп өнүгүү каалап, Орозо айт майрамы менен куттуктады.
"Улуу урматтуу Сизди, бардык туугандарыңызды жана боордош кыргыз элин бүткүл ислам дүйнөсүндө салтанаттуу жана чоң кубаныч менен белгиленип жаткан ыйык Орозо айы менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Соңку жылдары чыңдалып келе жаткан жалпы маданий жана руханий баалуулуктар менен байланышкан биздин дос элдерибиздин ортосундагы тынчтыкты жана ынтымакты даңазалоого багытталган ынак коңшулук ыйык Орозо айынын эң асыл маңызына туура келет.
Биздин чечкиндүү биргелешкен аракеттерибиздин натыйжасында бир тууган элдерибиздин ортосундагы достук байланыштар мындан ары да чыңдалып, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелер ырааттуу өнүгө берерине терең ишенем", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми Азербайжан өлкөсүнүн президенти Ильхам Алиевдин куттуктоо сөзүндө мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана кызматташууну тереңдетүү багытында биргелешкен аракеттер ийгиликтүү улантыларына ишенерин билдирген.
"Ислам дүйнөсүнүн куттуу майрамына карата Орозо айт майрамы менен Сизди жана боордош Кыргызстан элин өзүмдүн жана Азербайжан элинин атынан чын дилимден куттуктап, кармаган орозоңуз, дубаларыңыз жана жакшы ниеттериңизди Жараткан кабыл кылышын каалайм.
Жалпы тарыхый-маданий тамырлары, элдерибиздин бир туугандыгы сыяктуу бекем негиздерден куралган Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин азыркы жогорку деңгээли канааттандырат", - деп айтылат куттуктоодо.
Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, стабилдүүлүк, туруктуу прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалады.
"Сизге жана дос Кыргызстан элине чын дилимден Орозо айт майрамына карата куттуктоолорубузду жана эң жакшы каалоолорубузду билдирем.
Бул куттуу майрамдын туруктуу салттарына жана тараптардын биргелешкен жаратмандык аракеттерине негизделген биздин мамлекеттердин ортосундагы достук мамилелер жана көп кырдуу өз ара пайдалуу кызматташтык мындан ары да элдерибиздин түпкү таламдарына ылайык кеңейип, сапаттуу жана маңыздуу жаңы деңгээлге чыгаарына ишенем", - деп жазылат анда.
Ошондой эле Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов: "Ыйык Орозо айт майрамга карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз. Исламдын бийик руханий баалуулуктарына таянган боорукердиктин, асылдыктын жана кайрымдуулуктун үстөмдүгүн символдоштурган бул жаркын майрам бүткүл мусулман коомчулугунда өз ара түшүнүшүүнү, тилектештикти жана тынчтыкты чыңдоого жардам берет деп терең ишенем", - деген билдирүүсүн жолдогон.
Иран өлкөсүнүн лидери Сейед Эбрахим Раиси да кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктап, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.
"Орозо айт – адамзатты өз маңызына кайтарган майрам, Кудайдын алдындагы парздарын так аткарып, анын ырайымдуу сыйлыгын күткөн орозо кармаган пенделери үчүн кубаныч заманы.
Ислам үммөтүнүн ичиндеги биримдикти жана ынтымакты чыңдоо, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана арттыруу үчүн күч-аракетибизди жумшайбыз деп ишенем", - деп айтылат куттуктоодо.
Бахрейндин королу Хамад бин Иса Аль-Халифа: "Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Бул күнү Сизге жана Кыргызстандын элине бакубатчылык, чың ден соолук жана бакыт каалайм”, - деп билдирген.
Палестина өлкөсүнүн президенти Махмуд Аббастын билдирүүсүндө: "Палестина мамлекетинин, элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана боордош элди Орозо айт майрамы менен куттуктайм. Жараткан Алладан сизге бекем ден соолук жана бакыт-таалай, элиңизге бакубатчылык жана өнүгүүнү тилейбиз", - деп жазылат.
Иорданиянын Хашимит Королдугунун королу Абдулла II: "Орозо Айт майрамына карата Иордания Хашимит Королдугунун элинин жана өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге чын жүрөктөн куттуктообузду билдиребиз. Боордош элиңизге мындан аркы прогресс жана гүлдөп өнүгүү жана менин жеке жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз", - деп айтылат куттуктоодо.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди да куттуктоо жолдоп, Индия өкмөтүнүн атынан жакшы тилектерин билдирген.
Ошондой эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз элин жана өлкө башчы Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктаган.