Владимир Жириновский көп кыжырдана берүүсүнүн себебин түшүндүрдү

Орусия Федерациясынын мамлекеттик думасынын депутаты Владимир Жириновский өзүнүн күтүүсүз тараткан билдирүүлөрүнүн, кыжырдануусунун себебин түшүндүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда чет элдик басма сөз каражаттары билдирет.
Анын айтымында, кыжырданып, ойго келбеген сөздөрдү айтып алуусуна иш бөлмөсүнүн дубалдарынын фанерасынын (ДСП) курамында формальдегиддин бар экендиги себеп болгон. Жириновский “20 жыл кыйналдым. Саламаттыгым начарлады, башым ооруйт, кыжырданам” деген. 
Депутаттын билдирүүсүнө караганда, формальдегидди өлүк-канадагы денелердин чирип кетпөөсү үчүн колдонушат. “Биз 20 жылдан бери формальдегид менен дем алабыз. Минтип отурсак, баарыбыз ракка чалдыгып өлөбүз”,- деген. 
Ошондой эле Жириновский тиешелүү адамдардан иш бөлмөсүндөгү фанераларды тез арада жок кылуусун талап кылган.
Эске салсак, Владимир Жириновский ар кандай билдирүүлөрү менен коомчулуктун көңүл чордонунда жүрөт. Бир ирет “Кыргызстандын бийлиги карызынан кутула албаса, Ысык-Көлдү беришсин. Булардын жетекчилери сураганды гана билишет” деп кыргыз чиновниктерин ыңгайсыз абалга кептеген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан