“Кыргызгаз” сатылса, Кыргызстанда газдын баасы кымбаттабайт” деди Тайырбек Сарпашев

“Кыргызгаз” сатылса Кыргызстанда газдын баасы азыркыдан кымбат болбойт”,- деп билдирди ЖКнын 11-декабрдагы жыйынында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Айтымында, Кыргызстан үчүн жаратылыш газынын үзгүлтүксүз берилип турушу маанилүү. “Кыргызгаз” сатылса газдын баасы азыркы эки кошунабыз (ред. Өзбекстан менен Казакстан) берип жаткан баадан кымбат болбойт”,- деп депутаттарды ишендирди.

“Кыргызгаздын” башчысы Тургунбек Кулмурзаев мекемеси сатылса, газдын баасы 200 доллардын тегерегинде боло турганын айтты.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан