
Кыргызстанда 2 аптада
(10-апрелден 23-апрелге чейин) 1-класска 47 491 бала кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Кабарга ылайык, бала бакчага жана мектептерге кабыл алуу
маалыматтык система аркылуу жүргүзүлдү.
47 491 баланын ичинен 701 бала жеңилдик менен кабыл алынган.
Аймактар боюнча бөлүнүшү:
- Бишкек шаарында – 4819 бала (анын ичинен 226 бала жеңилдик менен);
- Жалал-Абад облусунда – 9144 бала (анын 79у жеңилдик менен);
- Чүй облусунда – 6316 бала (анын 90у жеңилдик менен);
- Ош облусунда – 9336 бала (анын 83ү жеңилдик менен);
- Ысык-Көл облусунда – 5144 бала (анын 28и жеңилдик менен);
- Баткен облусунда – 5952 бала (анын 82си жеңилдик менен);
- Талас облусунда – 2736 бала (анын 48и жеңилдик менен);
- Нарын облусунда – 3 181 бала (анын 30у жеңилдик менен);
- Ош шаарында – 863 бала (анын 35и жеңилдик менен).
Эскерте кетсек, 10-апрелде балдарды 1-класска электрондук каттоо башталган болчу. 2023-2024-окуу жылына карата өлкө боюнча 1-класска 186 миң 201 квота каралган.