Кыргызстанга Эстониянын премьер-министри Андрус Ансип келет

Эстониянын премьер-министри Андрус Ансип 12-13-декабрь күндөрү Кыргызстанда иш сапары менен болот. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда КРнын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашат.
Иш сапардын алкагында Эстониянын премьер-министри Андрус Ансиптин президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушары күтүлүүдө. Бул жолугушуулардын негизги темасы эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтыкты өркүндөтүү маселелерине багытталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан