Бишкекте бүгүн, 11-декабрда “Инвестициялык жеңилдиктер. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбалары” аттуу конференция өтүп жатат. Анда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Инвестиция тартуу - Кыргызстандын экономикасындагы маанилүү элементтердин бири” деп билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанга инвестиция тартууда инфраструктураны өнүктүрүү жана коррупцияга каршы күрөшүү үчүн мыйзамдуу базаны түзүү зор мааниге ээ. Мындан сырткары Кыргызстанда жеңилдиктер режими боюнча маселени кылдаттык менен кароо керектигин баса белгиледи.