Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы Акылбек Жапаров жетектеген министрлер кабинетин отставкага кетирүү демилгесин көтөрүп чыкты. Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров өзүнүн Telegram-каналына жазды.
"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын аткарбагандыгына байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 125-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясы төмөнкүдөй чечим кабыл алды.
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн толук курамын ээлеген кызмат орундарынан бошотуу сунушу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
2) Ушул Чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жана тиешелүү тармактык комитеттине жөнөтүлсүн", - деп жазылат маалыматта.
"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын мындай чечими Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.