Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 26 жана 27-апрелге белгиленген жолугушууларды жана иш-чараларды ден соолугуна байланыштуу токтотту. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Ал 26-апрелде шайлоо өнөктүгүнүн алкагында жолугушууларга катыша албасын билдирген. Кийинчерээк 27-апрелдеги иш-чаралар боюнча дагы ушундай чечим кабыл алынган. Бул күнү ал өлкөнүн биринчи атомдук электр станциясы болгон "Аккую" АЭСинин ачылыш аземине катышышы керек болчу, бирок президентти ачылыш аземге онлайн форматта катыштыруу чечими кабыл алынган.
Түрк лидери иш-чарага онлайн форматта алгач Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да кошулушу керек болчу. Бирок анын байланышы саат 19:00гө жылдырылган.
Буга чейин түрк бийлиги Эрдоган микроинфаркт алган деген маалыматты четке каккан.
25-апрелде Режеп Тайып Эрдоган түз эфирде өзүн жаман сезип, эфир үзгүлтүккө учураган.