“Бишкекте “Газпром” май куюучу жайларында Кыргызстандын мамлекеттик желеги менен кошо Орусиянын желеги желбиреп турат. Эгемен өлкөдө мындай көрүнүштүн болушу туурабы? Муну текшерүү зарыл”,- деди депутат Мыктыбек Абдылдаев ЖКнын 11-декабрдагы жыйынында. Айтымында, Бишкектин көчөлөрүндөгү көрнөк-жарнактарды тартипке салбаса болбой калды.
“Кыргызгаз” сатылса “Газпром” келип азыркы “Кыргызгаздын” имаратында отурабы?” деп сурады аталган мекеменин башчысынан. Тургунбек Кулмурзаев “Анан көчөдө калышмак беле? “Кыргызгаздын” имаратына жайгашат”,- деп жооп берди.
“Бишкекте "Пекин", "Шанхай", "Анкара", "Сеул" деген кафе, дүкөндөр жайнап кетти. Мындай темп менен кетсек, жакында Бишкектен кыргызча аталыш таппай калабыз. Керек болсо андай жазуулар биздеги бир дагы министрликте жок. Тышкы иштер министрлиги менен Улуттук тил комиссиясы буга чара көрүшү керек. Эртең “Газпром” келсе, ага катуу талаптарды коюшубуз зарыл”,- деди Абдылдаев.