"Мыскылдап отурат". Нарматова менен Байсаловдун кайым айтышкан видеосу

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин "Ата Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында депутат Надира Нарматова менен өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов кайым айтышты.
Аталган фракциялардын кошмо жыйынында 2024-жылы Глобалдык фонд тарабынан бериле турган 29 миллион доллардын максаттуу пайдалануусу талкууланып жаткан. Эл өкүлдөрү каражаттын көпчүлүк бөлүгү гомосексуалдарды колдоого жумшалып жатканын, ага мамлекеттик көзөмөл киргизүү керектигин айтышты. Себеби учурда грантты ПРООН алып, улуттук каада-салттарга жат көрүнүштөрдү колдоого сарптап, отчёт да бербей жатканын белгилешти.
Надира Нарматова Эдил Байсаловдон бул маселени ким көзөмөлгө ала турганын сурады. Ал эми Байсалов азыр бардык маселени министр өзү чече турганын белгилеп, муну көзөмөлдөбөй турганын айтты.
"Анда саламаттык сактоо министрин ким көзөмөлдөйт, сизби?" деп суроо салды Нарматова. Байсалов жоопкерчилик министрдин өзүндө экендигин кайталап, көзөмөлдөө милдети өкмөт жетекчилигинде экендигин билдирди. Ошондой эле парламентке депутаттар кайра-кайра чакырганынан улам келгенин кошумчалады.
"Сиз жооп бербесеңиз эмнеге келдиңиз анда? Жоопту адамды жөнөтпөйсүңөрбү. Эртеден бери депуттар менен тирешкенден башка, оңгулуктуу жооп берген жоксуз. Ким сүйлөсө ошого тап берип жатасыз", - деди эл өкүлү.
Ага Байсалов, "Дагы бир жолу айтып коёюн, бул факт. Мен буга жооп бербейм", - деп жооп кайтарды.
"Жооп бербесеңиз бул жерге эмнеге келдиңиз? Андай болсо кызматыңызды тапшырып, ордуңузду башка иштей тургандарга бошотуп бериңиз да. Өз милдетиңизди аткаргыңыз келбей жатат. Эки фракциянын чечимин чыгарып, президентке сунуш берели, кызматтан алып, ордуна өз милдетин биле турган адам келсин. 30 жылдан бери Глобалдык фонддон ВИЧ, СПИДге каршы күрөшүү боюнча канчалаган каражат алдыңар. Кана азайып кеткени? Гомосексуалдар азаймак турсун көчөдө пикетке чыгып жүрүшөт. Азыркы вице-премьер убагында алардын эки жагында туруп колдоп жүргөн. Глобалдык фонд менен иштеп, Координациялык кеңешти жетектей турган адам бизге каяша сүйлөп, өзүнүн ишине жооп бербей жатса, эмнени талкуулап жатабыз. Ага депутаттар оюнчукпу. Силер сүйлөй бересиңер, биз өзүбүз билебиз деп баятан бери жыргап, мыскылдап отурат", - деди Нарматова.
Натыйжада Байсаловду кызматтан алуу тууралуу президентке сунуштама жиберүү боюнча фракциянын жана депутаттык топтун чечими кабыл алынды.
Белгилей кетсек, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева Глобалдык фонд тарабынан бөлүнгөн каражаттын көбү Кыргызстандагы гомосексуалдарды колдоого жумшалып жатканын айтып, бул маселеге каршы турууга үндөгөн.

Жогорку Кеңеш 28.04.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан