"Капсула салынат". Садыр Жапаров "Асман" шаарынын курулуш долбоору менен таанышты (фото)

Бүгүн, 29-апрелде президент Садыр Жапаров Ысык-Көлгө болгон иш сапарынын алкагында "Асман" шаарынын курулуш долбоору менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы бир катар социалдык-экономикалык долбоорлордун курулушу менен таанышты. Анын алкагында өлкө башчы капсула салынышы пландалып жаткан "Асман" шаарынын курулуш долбоорун көрүп чыкты.

Бул эко-шаарда алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулары айтылды.

Маалымат үчүн: 2021-жылдын июль айында президенттин администрациясы Ысык-Көлдө “Асман” деп аталган, 500 миң туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун жарыялаган. Экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар 7-10 жылдын аралыгында курулары кабарланган. Шаардын башында Тору-Айгыр айылына түшөрү айтылса, бирок кийинчерээк шаар түшчү аймак өзгөргөнү белгилүү болгон.

2022-жылдын январь айында "Асман" шаарын курууну Тимур Файзиев жетектей турганы кабарланган. 15-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын учурунда Тимур Файзиев 1 миллион долларга жакын акчасын сарптап иштеп баштаганын билдирген. Бирок 13-апрелде Тимур Файзиевдин ордуна долбоордун автору Руслан Акматалиев жетекчи болуп дайындалганы кабарланган. Президент Садыр Жапаров "Асман" шаары экологиялык таза шаар болорун, ал үчүн убакыт керектигин билдирген.

Ал эми 22-мартта "Асман" шаарын куруу иши мамлекеттик дирекциядан президенттин иш башкармалыгына өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан