20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип абакка алынган депутат Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен 12 аял бүгүн, 11-декабрдан баштап депутаттын Ош шаарынын борбордук аянтында жайгашкан коргоо комитетинин штабында саясий ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу "Кыргыз журтум" коомдук фондунун төрайымы, митингди уюштуруучулардын мүчөсү Сапаргүл Бердалиева билдирди.
"Бүгүн ачкачылыкты 12 аял баштадык. Бизге келип кошулабыз дегендер болууда. Андыктан дагы көбөйүшүбүз мүмкүн",- дейт бул тууралуу Бердалиева.
Эскерте кетсек, 19-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан Ахматбек Келдибековго Кылмыш-жаза кодексинин 303-304-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Депутатка карата "2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон" деген айып тагылууда.