Коррупцияга айыпталган Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунан билдиришти.
Маалымдалгандай, кечээ, 29-апрелде сот прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. Айрым маалымат булактары анын күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен келишим түзүп, мамлекеттик бюджетке 25 миллион сом зыян төлөп бергенин жазышты.
Эске сала кетсек, ушул жылдын 18-апрелинде Самаев “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасында аныкталган коррупциялык иштерге катыштыгы бар делип кармалган болчу.
Белгилей кетсек, УКМК тарабынан “Токмок жылуулук” МИнин борбордук жылуулук трассасына үйлөрдү мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталган. Келтирилген зыяндын суммасы 130 миллион сомдон ашат.