Теңгиз Бөлтүрүк үй камагына чыгарылды

Бүгүн, 30-апрелде "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь райондук соту Теңгиз Бөлтүрөктүн ишин карады. Анда прокуратуранын өтүнүчү канааттандырылып, анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура былтыркы жылдын сентябрь айында "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгендиги үчүн аталган ишкананын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктү кармаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
souza.j
2023-05-01 00:35:00
Карга карганын козун чокубайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан