Бүгүн, 11-декабрда КРнын
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы
элчиси Ци Даюй менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз
кызматы билдирет.
Жолугушууда 2014-жылы
эки мамлекет ортосундагы кызматташууда аткарыла турган иштер тууралуу сөз
болду. Ошондой эле тараптар КР менен КЭРдин тышкы иштер министрликтеринин
кызматташуусу үчүн атайын программаны кабыл алуу зарылчылыгына токтолуп өттү.