Осмонбек Артыкбаев, министр: “Кыргызгазды” сатуу келишимине мен кол койдум”

ЖКнын 11-декабрдагы жыйынында “Кыргызгазды” Орусияга сатуу маселеси каралып жатат. Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баштаган өкмөт өкүлдөрү депутаттардын суроолоруна жооп беришүүдө. Талкууда энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев мекемени сатуу келишимине министр катары өзү кол койгонун айтты. Артыкбаев “Кыргызгаз” 1 долларга сатылды делгени менен, иш жүзүндө бир нече миллионго сатылып жатканын айтты. “Орусия 5 жыл ичинде тармакка 20 миллиард рубль инвестиция салат. Ишкананын бардык карыздарын моюнга алып жатат”,- дейт министр. 

Эскерте кетсек, бул маселе ЖКнын өткөн аптадагы жыйынында каралып, биринчи окууда колдоо тапкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан