Африка өлкөсү Путинди саммитке келбөөгө чакырды

Эл аралык сот Орусия президенти Владимир Путинди камоого ордер бергенинен улам Түштүк Африка Республикасы Путинден өлкөдө өтө турган БРИКСтин саммитине келбөөнү суранды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Түштүк Африканын өкмөтүндө жогорку кызматтарды ээлеген адамдар Москва менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Владимир Путинди өлкөгө июль айында өтүүчү БРИКС саммитине келбөөгө көндүрүүгө аракет кылууда.

"Путинди өлкөбүзгө келсе камабай коюуга бизде жол жок. Эгерде ал бул жакка келсе, биз аны камакка алышыбыз керек болот", - деген өкмөттө жогорку кызматта иштегендердин бири.

Өткөн аптада Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса атайын өкмөттүк комитет түзүп, Владимир Путиндин иш сапарынын алкагында Африка республикасына келишинин варианттарын изилдөөнү тапшырган.

2023-жылдын мартында Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Владимир Путин менен Орусиянын Балдар акыйкатчысы Мария Львова-Белованы украиналык балдарды өлкөнүн оккупацияланган аймактарынан депортациялаган деген айып менен камакка алууга ордер чыгарган.

Түштүк Африка Республикасы Рим статутун ратификациялаган 120 өлкөнүн катарына кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан