Өлкөдө казино ачууга биринчи лицензия берилди

Кыргызстанда казино ачууга биринчи лицензия берилди.

Лицензия "Гранд Казино" ЖЧКсына берилгенин Экономика министрлигинин алдындагы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди.

"Гранд Казино" ЖЧКсына лицензия берүү үчүн мамлекеттик бюджетке 84 000 000 (сексен төрт миллион) сом каражат түштү", - деп билдирди Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы.

2022-жылдын 22-июнунда парламентте "Кыргызстандагы оюн-зоок иши жөнүндө" жана "Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору добуш берүүгө коюлуп, көпчүлүктүн колдоосу менен кабыл алынган.

Ошол эле жылы 30-июнда өлкө башчы Садыр Жапаров аталган мыйзамга кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан