Сак болуңуз. ЖРТ өткөрүү борбору абитуриенттерге кайрылды

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору ата-энелерди жана абитуриенттерди алдамчылардан сак болууга чакырат. Бул туурасында мекемеден кабарлашты.

"Алдамчыларга ишенбегиле! Сиздерди алдап, ЖРТдан акча табууга жол бербегиле!

Эсиңиздерде болсо, бардык абитуриенттер баллды тапшырган тест аркылуу гана чогултат. Башка жол менен баллды жогорулатуу мүмкүн эмес" дешти борбордон.

Белгилей кетсек, Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда өтөт. Ал эми каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 19-22-май жана 22-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан