Парламенттин 11-декабрдагы жыйынында “Кыргызгазды” сатуу маселеси каралып жатат. Депутаттар “Кыргызстанда газдын ири кору (запасы) табылып калса, ал “Газпромдун” карамагына өтүп кетпейби?” деген суроо узатышты. “Кыргызгаздын” башчысы Тургунбек Кулмурзаев газдын кору табылса, анда жаңы макулдашуулар түзүлө турганын билдирди. Башкача айтканда, аны “Газпром” өз алдынча ээлеп ала албайт. Депутат Ташполот Балтабаев өлкөдө газдын корунун көлөмү канча экенине кызыкты.
Кулмурзаев буга “газдын кору канча экени белгисиз. Болжолдуу карталар бар, “Газпром” келсе, иликтеп чыгат” деп жооп берди.