Төрага Абдрахматова жыйынга чакырылганын айтса, Акыйкатчынын аппараты четке какты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламент жыйынында Атыр Абдрахматова жыйынга чакырылып, келбей койгонун айтты. Бирок кайсы датада чакырылганын ачыктаган жок.

"Атыр Абдрахматованы биз чакырдык. Расмий түрдө чакырылган. Келген жок" деген ал.

Ал эми Акыйкатчы аппараты төраганын айтканын четке какты.

"Расмий түрдө чакыруу, кат дагы келген эмес" деп билдиришти акыйкатчы аппаратынан.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирди. Абдрахматованы кызматтан алууну "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы сунуштап, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети колдогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан