Бүгүн, 3-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Балбак Түлөбаев ээнбаш блогерлерди тартипке салуу керектигин айтты.
Анын пикиринде айрым блогерлер президентти баш кылып жогорку кызмат адамдарынын аброюна шек келтирүүдө.
"Блогерлердин баары дебейм, бирок айрымдары президентти баш кылып баарын жамандап, анан бүгүн пара менен кармалып жатат. Милицияны блогерлер алып барып текшертип жатат. Бул эмне деген жакшылык? Андан башка бир блогер чыгып алып кыргыз элин ашатып сөгүп жатат. Буларга кандай чара көрүп, эмне кылабыз? Мен баары дебейм, кээ бирлери этиканы сактайт. Бирок көрүнгөнү мамлекеттик органдарга кирип алып, ит-акмагын чыгарып иштетпей жатат. Бирөө жамандап жатат, бирөө кармалып жатат, эми буларга карата өкмөт кандайдыр бир чечим кабыл алышы керек да", - деди Түлөбаев.
Ошондой эле ал блогерлерди ЖМКлардан айырмалаган кандайдыр бир жобо керектигин белгиледи.
"Кыргызды, динди, ыйманды баш кылып сөккөнүн эми айтпай эле коёюн. Түндө президентти баш кылып сөгүп жатты эле, бүгүн 40 миң доллар пара менен кармалды. Ошол блогер бизге эмне деген гана сөздөрдү айткан жок. Жогорку Кеңештин алдына келип алып, акмактар деп бизге акыл үйрөтүп жүргөн блогер бүгүн пара менен кармалып отурат. Муну бийлик бир ирээтке келтирбейби", - деди депутат.
Түлөбаев буга чейин эмне деген ачуу сөздөрдү айтса да көтөрүп келгендигин, мындан ары аларды ирээтке салып, тартипке чакырууга убакыт келгенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, бүгүн Чүй облустук милициясы Аламүдүн районунда акча опузалаган блогер кармалганын кабарлаган.