40 миң доллар талап кылып... Аламүдүндө милиция блогерди кармады 

Аламүдүн районунда акча опузалаган блогер кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы 18-апрелде 1947-жылы туулган А.С. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында ушул жылдын апрель айынан бери анын катышуусундагы терс мүнөздөгү видеону "массалык маалымат каражаттарына жарыялайм" деп коркутуп 40 миң доллар талап кылып, 37 миң 300 долларын алгандан кийин дагы акча опузалап келе жаткан У. аттуу блогерге чара көрүүнү суранган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмышка шектелип 2-майда 2 700 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкектин 33 жаштагы тургуну Б.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүү Б.У. транспорт каражаттарынын техникалык кароо жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча маалыматтарды социалдык тармактарда активдүү жарыялап келгендиги аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан