“Кыргызгаз” Орусияга сатылганы менен, газдын баасын кыргыз тарап чечет”,- деди ЖКнын 11-декабрдагы жыйынында “Кыргызгаз” ишканасынын башчысы Тургунбек Кулмурзаев. Айта кетсек, айрым депутаттар келишимге газдын баасынын канча болорун так жазып койсо боло турганын айтышты. Буга макул болбогон Кулмурзаев: “Өкмөт аралык келишимге андай майда-чүйдөсүн киргизе албайбыз. Биз негизги принциптерди белгиледик. Газдын баасы кыргыз тараптын макулдугу менен гана бекитилет деп так жаздык”,- деди.
Кулмурзаев өлкөдө газ боюнча 297 миң абонент бар экенин кошумчалады.