Депутат Мыктыбек Абдылдаев Бишкектеги кафе, ресторандардын аталышы чет тилинде коюлуп жаткандыгына нааразы экендигин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан жыйында айтты.
Депутаттын айтымында, учурда “Seoul”, “Chinson” жана башка чет элдик аталыштагы ресторандар көбөйүп кеткен. Эгерде ушул өңүттө улана турган болсо, анда шаарда бир да кыргыз тилинде аталган кафе, ресторандар калбай калат.