Алла Пугачёва модельер Валентин Юдашкинди акыркы сапарга узатууга жашыруун келди

Орусиянын Эл артисти Алла Пугачёва бүгүн, 6-майда модельер Валентин Юдашкин менен коштошуу зыйнаты өтүп жаткан Москвадагы Троекуровский көрүстөнүнө келди. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, акыркы сапарга узатуу зыйнатына ырчы Rolls-Royce унаасы менен келген. Унаа зыйнат өтүп жаткан имараттын арткы эшигине келип токтогон. Унаанын жүргүнчү эшиги имараттын кире беришине так карама-каршы болгондуктан, примадонна билинбей ичине кирип кеткен.

Мындан улам журналисттер ырчыны сүрөткө тарта алышкан эмес.

2-майда орусиялык модельер Валентин Юдашкин 59 жаш курагында каза болгон. Ал 2016-жылдан бери рак менен күрөшүп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан