Жалал-Абад ОИИБине жаңы кызматтык автоунаалар тапшырылды 

Бүгүн, 8-майда Жалал-Абад ОИИБине Лада Гранта үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар тапшырылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Жеңишбек Абитов демөөрчүлөр тарабынан берилген автоунаалардын ачкычтарын Жалал-Абад, Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерине тапшырды.

"Автоунаалар кызматтын кызыкчылыгы үчүн туура пайдаланылышы керек. Жарандардын кайрылган бардык чакырууларына ыкчам жетип барып чара көрүп, ар түрдүү окуяларга жеринде бөгөт коюп, кылмыштын бетин ачып, күнү-түнү талыкпастан иш алып баруу зарыл. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыздап, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу керек", - дейт ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Шевроле Кобальт үлгүсүндөгү 3 даана кызматтык автоунаалар берилип, алар Сузак, Базар-Коргон, Ноокен РИИБинин нөөмөт бөлүмдөрүнө тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан