Жалал-Абад ОИИБинде жаңы кызматтык унаалар тапшырылды (сүрөт)

Бүгүн, 2-майда Жалал-Абад ОИИБине берилген Шевроле Кобальт үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар Сузак, Базар-Коргон, Ноокен РИИБинин нөөмөт бөлүмдөрүнө тапшырылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, жаӊы автоунаалардын ачкычтарын Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Жеңишбек Абитов милиция бөлүмдөрүнүн жетекчилерине берип, автоунаалар кызматтын кызыкчылыгы үчүн туура пайдаланылышы керектигин белгиледи. Жарандардын кайрылган бардык чакырууларына ыкчам жетип барып чара көрүү, ар түрдүү окуяларга жеринде бөгөт коюу, кылмыштын бетин ачуу, күнү-түнү талыкпастан иш алып баруу зарылдыгын айтты.

Ошондой эле "Коопсуздук-2023" биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгууга жигердүү катышкандыгы, мыкты даярдыгы, көрсөткөн жогорку кесипкөйлүгү жана чеберчилиги менен аскердик жана укуктук тартипти жогорку көрсөткүчтө көрсөткөндүгү үчүн бир катар кызматкерлер Коргоо министрлигинин жана Жалал-Абад ОИИБинин ардак грамоталары менен сыйланышты.

Эске салсак, 28-апрелде ИИМдин коллегиясынын алдында аймактардын географиялык шарттарын, район-шаарлардын өзгөчөлүктөрүн эске алып, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына 2023-жылы өндүрүштөн чыгарылган "Шевроле Кобальт" үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан