Ош шаарынын борбдук аянтына орнотулуучу Жаңы жылдык балатыны куруу иштери ушул жумада башталат. Бул тууралуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Алимбай Кадыров бүгүн, 11-декабрда билдирди.
"Учурда каржы маселелеринин баары чечилип бүттү. Буюрса, өлкөдөгү эң кооз балатылардын бирин орнотобуз деп турабыз",- дейт бул тууралуу Кадыров.