Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов акыйкатчы Атыр Абдрахматованын мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулуусу боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда айтып берди.
"Депутаттар көпчүлүк добуш менен ушундай чечимге келишти. Жеке өзүм добуш берген жокмун. Себеби, Атыр айым күн-түн дебей өзүнүн аракетин жасады. Укугу бузулган жарандарга абакта жаткан жерине чейин барып, алардан кабар алганын интернеттен деле көрүп жаттык. Атыр Абдрахматованы начар иштеди деп айтуудан алысмын. Ал колунан келишинче аракетин жасады", - деди Икрамов.
Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.
Эске салсак, 3-майда Жогорку Кеңеш акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирген. Аны кызматтан алууну "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы сунуштап, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети колдогон.
?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>