Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 5 миңден ашуун бала бар

Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 5 миңден ашуун бала бар. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда ЮНИСЕФтин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Мавлюда Жапарова билдирген.
Анын айтымында, ЮНИСЕФ тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы муниципалдык мекемелерде 18 жашка чейинки 5 миңден ашуун баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экендиги маалым болгон. Быйылкы жылы алардын 382си тиешелүү документтерге ээ болушкан. 
Күбөлүгү жок балдарга документ берүү иштери азыркы учурда да уланууда. Бул багытта ЮНИСЕФ менен КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан атайын иштер уюштурулган. 
Учурда дүйнө боюнча 230 миллион балада туулгандыгы тууралуу документи жок. Башкача айтканда, алар расмий түрдө жаран катары каттоодо турушпайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан