Бүгүн, 10-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралууда.
Баяндамачы депутат Жанар Акаев мыйзам долбоорун президент демилгелегенин белгиледи.
"Элдик курултай өткөрүү боюнча баш мыйзамда жазылып калган. Курултай делегаттарына берилүүчү ыйгарым укуктарга депутаттардын дээрлик 100 пайызы каршы болгон. Биринчи окуудан кабыл алып, экинчи окууга алып келмейинче биз эч нерсени өзгөртө албайбыз. Мурдагы долбоору 22 беренеден түзүлгөн экен. Биз аны кыскартып 15 берене калтырдык. Экинчи окууга ушундай өзгөртүү менен кылып алып келебиз, азыр колдоп бериңиздер", - деди Акаев.
Андан соң Адахан Мадумаров курултай өткөрүү унаага бешинчи дөңгөлөк кошуу аракети деп сындап, аталган мыйзам долбоору боюнча талкуу кылууну сунуштады. Жанар Акаев азыр талкуу кылганда деле пайда жок экенин, өзгөртүүлөр экинчи окууда тармактык комитетте кароо учурунда киргизилерин белгиледи.
Андан кийин Адахан Мадумаров жаңы долбоорду депутаттарга таратып берүүнү талап кылды.
"Урматтуу алып баруучулар, биринчи окууда талкуу кылабыз. Экинчи окууда "Регламент боюнча талкуу кылынбайт" деп чыгасыңар. Редакцияланган долбоор кана? Депутаттар колунда турган документке добуш берет, жок нерсеге кантип добуш берет?", - деди ал.
Жыйынды алып барып жаткан төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Жанар Акаевдин айтканы туура экенин айтып, Адахан Мадумаров менен кайым айтыша кетти.
"Адахан Кимсанбаевич, бул жерде алып баруучулар эмес, төрагалык кылуучулар отурат. Жакшылап тактап айтсаңыз. Сиз да алып баруучу болуп иштегенсиз, ошону унутпаңыз", - деди Сыдыгалиев.
Жыйынтыгында бир катар депутаттардын сунушу менен мыйзам долбоору талкууланмай болуп, эл өкүлдөрү суроо берүүгө жазылды.